SerepTV Logo

Акунбеков: "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолунун жээгинде 4 негизги станция курулат"

Акунбеков: "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолунун жээгинде 4 негизги станция курулат"

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргызстандын жана Кытайдын транспорт жана логистикалык компаниялардын жетекчилери катышкан конференцияда сөз сүйлөдү. 

Жолугушуу Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда транспорт жана логистика тармактарында кызматташуу үчүн биргелешип коридорлорду куруу, мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу максатында өткөрүлдү. Анда МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кыргызстан Кытайды Борбор Азия, Евразия экономикалык биримдиги, Жакынкы Чыгыш жана Европа өлкөлөрү менен байланыштырган ишенимдүү транспорттук түйүнгө айланып баратканын билдирди.

“Учурда “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан”темир жол долбоору менен катар, биз Кыргызстанда “Балыкчы–Кочкор–Макмал” темир жолун куруп жатабыз. Долбоордун олуттуу экономикалык жана эл аралык маанисин эске алуу менен, Кыргызстан ар кандай кызматташуу моделдерин, анын ичинде артыкчылыктуу улуттук долбоор статусунун алкагында мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө даярбыз”, — деди ал. 

Ошондой эле, “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун жээгинде эркин экономикалык жана өнөр жай зоналарын камтыган “Торугарт”, “Жерге-Тал”, “Макмал” жана “Жалал-Абад” төрт негизги станция курулаары айтылып, өнөктөштөр менен ири өнөр жай жана логистикалык борборду түзүү боюнча кызматташууга кыргыз тараптын кызыкдар экендиги айтылды. Мындан тышкары, темир жол багытынан тышкары, Кытай менен “Эркечтам”, “Торугарт” жана “Бедел” чек ара өткөрүү пункттары аркылуу байланышкан Кыргызстандын эл аралык автомобиль жол коридорлору активдүү өнүктүрүлүп жатканы айтылып, бул багытта жаңы транспорттук кызматташунун келечеги белгиленди. Соңунда МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков кытайлык компанияларды Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу аркылуу коопсуз, туруктуу жана үнөмдүү транспорттук каттамдарды биргелешип өнүктүрүүгө чакырды. 

Конференцияга Кытайдын ондон ашуун транспорт жана логистикалык компаниялардын, ошондой эле Кыргызстандын бул тармакта иш жүргүзгөн компаниялардын жетекчилери катышты. Алар өздөрүнүн ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасашып, транспорт тармагында кызматташтык үчүн олуттуу келечек бар экендигин белгилешти. Тегерек стол конкреттүү долбоорлорду аныктоого жана компаниялардын ортосунда түз ишкердик байланыштарды орнотууга өбөлгө түзүүгө аянтча болду.

Ошондой эле, МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков “China Communications Construction Group Co., Ltd.” компаниясынын Директорлор кеңешинин төрагасы Сун Хайлян жана “China Road and Bridge Corporation” компаниясынын Директорлор кеңешинин төрагасы Ду Фэй менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө дүйнөдөгү азыркы реалдуулук жаңы эл аралык транспорттук-логистикалык каттамдарды ишке киргизүү үчүн биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгы айтылып, бул тармакта кызматташууну мындан ары дагы тереңден улантуу белгиленди.

Жолугушуулар МинКаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун Туруктуу транспорт боюнча глобалдык форумуна катышуу үчүн Пекинге болгон жумуш сапарынын алкагында өткөрүлдү.

SEREP MEDIA