Abank_oct
SerepTV Logo

Аймактарда чийки сүттүн орточо сатып алуу баасы 32-50 сомду түзөт

Аймактарда чийки сүттүн орточо сатып алуу баасы 32-50 сомду түзөт
Бүгүн, 6-октябрдагы Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 14-мартындагы №1950-VII «Сүткө сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө» токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угулду.
 
Жыйында баяндама жасаган суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев белгилегендей, республиканын аймактарында фермерлерден чийки сүттүн орточо сатып алуу баасы 32-50 сомду түзөт.

Талкуу маалында депутат Камила Талиева ата мекендик продукцияны импорттук товарлар сүрүп чыгарып жатканын айтып, ошондой эле сүттүн сатып алуу баасы менен дүкөндөрдөгү акыркы баанын ортосундагы айырмага көңүл бурду. Эл өкүлү тармактык министрликти сүттүн баасын жөнгө салуу жана жергиликтүү сүт өндүрүүчү ишканаларды колдоо багытында активдүү иш алып барууга чакырды. Депутат Уланбек Жаанбаев Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстандагы сүт азыктары рыногунда импорттун үлүшү 64 пайызга жеткенин жүйө келтирип, жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоого өзгөчө көңүл бурууну табыштады. Муну менен катар Дастанбек Жумабеков өлкө боюнча жыл мезгилине карабастан сүттүн бирдиктүү сатып алуу баасын белгилөө керектигин айтып, жаз-жай мезгилинде иштетүүчү ишканалар сүттүн көлөмү көп экенине таянып, сатып алуу баасын төмөндөтүшүүдө. «Ал эми сиздер күз мезгилиндеги, уйлар байып, баалар көтөрүлгөн учурдагы бааларды көрсөтүп жатасыздар», – деди.

Өз кезегинде депутат Гүлшаркан Култаева Кыргызстандын сүт өнөр жайынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселесин көтөрүп, ЕАЭБдин рыногуна чыгууда продукциянын техникалык регламенттерге шайкештиги, анын ичинен фермердик чарбадан тартып даяр продукцияга чейинки өндүрүш процессинин толук көзөмөлдөнүшү маанилүү талаптардын бири экенин белгиледи. Андыктан, депутат лабораториялык базаны жана тиешелүү инфраструктураны күчөтүүнү сунуштады. Баяндамачы бул багытта көрүлүп жаткан чараларга токтолуп, учурда Кыргызстандын сүт продукциясы ЕАЭБдин рынокторуна тоскоолдуксуз чыгып жатканын ырастады. Депутат Бурул Аманова Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстандын Россияга сүт азыктарын экспорттоосу 4,5 пайыздан 3,9 пайызга чейин төмөндөгөнүн маалымдады. Казакстанга экспорттун көлөмү да азайып, өсүш Өзбекстан багытында гана байкалганын айтты. Ошол эле учурда Россия менен Беларустан импорттун көбөйүшү жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн атаандаштык мүмкүнчүлүгүнө таасир этип жатканын кошумчалады. Муну менен катар депутат Казакстандын жергиликтүү өндүрүүчүлөргө субсидия берүү тажрыйбасын мисал келтирип, мындай механизмдерди карап чыгууну сунуштады.

Депутат Исманали Жороев кластердик өндүрүштү өнүктүрүү тууралуу сөз кылып, Баткен облусунда сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу керектигин айтты. Депутат Махабат Мавлянова тармактык министрлик менен айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ортосундагы байланыштын жетишсиздигине токтолду. Анын айтымында, жергиликтүү өндүрүүчүлөр колдоого муктаж, айрым ишканалар импорттук продукция менен атаандаша албай, жабылуу коркунучунда турат. Ушуга байланыштуу субсидия берүү чараларын колдонууну сунуштап, министрликти бул багытта комплекстүү чечим иштеп чыгууга чакырды.

Ал эми депутат Медер Чотонов Талас облусунун Манас районунда сүттү кайра иштетүүчү завод ачууга инвесторлорду тартуу жана аларга тиешелүү жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү. Ошону менен бирге депутат сүт багытындагы жогорку өндүрүмдүү асыл тукум малдын санын көбөйтүү зарылдыгын билдирди. Депутат Айсаракан Абдибаева токтомдун тиешелүү ченемдеринин аткарылышы, ошондой эле сүт азыктарынын сапатын камсыз кылуу, продукциянын таңгактагы маалыматта көрсөтүлгөн курамына шайкештигин көзөмөлдөө маселелери тууралуу кеп кылды.

Эл өкүлү Дастан Бекешев жергиликтүү сүт өндүрүүчүлөрдү колдоонун дагы бир механизми катары кайра иштетүүчү ишканалар менен социалдык объектилердин ортосунда сүт азыктарын жеткирүү боюнча түз келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. 
SEREP MEDIA