Abank
SerepTV Logo

"Айдоочу маршрутканы сүзгөнгө чейин эле көз жумган". ӨКМ башчысы Орусиядагы жол кырсыктын себебин айтты

"Айдоочу маршрутканы сүзгөнгө чейин эле көз жумган". ӨКМ башчысы Орусиядагы жол кырсыктын себебин айтты
"Орусияга барып келдик. Ал жакта тергөө иштери аяктап, жол кырсыкты жараткан адамга соттук-медициналык экспертиза дайындалган". Бул тууралуу ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев билдирди. "Унааны артынан сүзгөн адамдын денесин сойгондо, ал урунганга чейин эле жанын бериптир", - деди ал.
21-август күнү Орусиянын Ульянов облусунда орун алган жол кырсыгынан жалпы 16 адам каза таап, анын 14ү Кыргыз жараны экени такталган. Маркумдардын сөөгү 23-августта алып келинди. Ошондой эле 3 Кыргыз жараны жаракат алып, жергиликтүү бейтапканага жеткирилген.