4-декабрда Таласта 24 саат бою тынбастан манас айтылат.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабаралашты. Маалыматка ылайык, бул иш чара Манас күнүнө карата уюштурулуууда.
Аталган иш-чарага өлкөнүн жети дубанындагы жаш жана белгилүү манасчылар келип катышат. Манас айтуу Талас облусундагы «Манас ордо» комплексинде 4-декабрда, саат 11:00дө башталып, 5-декабрь саат 11:00гө чейин созулаары айтылууда.
Белгилей кетсек, бул иш-чара мамлекеттин бюджетинен эмес, меценаттардын жана демөөрчүлөрдун колдоосу менен өткөрүлөт.
Кытайдан келген картошка 38-40 сомдон, ал эми жергиликтүү картошка 42-44 сомдон сатылып жатат
Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы Бишкек жана Ош шаарларында ички рыноктогу картошка сатуу абалына мониторинг жүргүздү. Бул иш-чара Министрлер кабинетинин...











