Abank july
SerepTV Logo

Эсептөө палатасы 2025-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча аудитордук корутундуну чыгарды

Эсептөө палатасы 2025-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча аудитордук корутундуну чыгарды

Эсептөө палатасы 2025-жылга карата республикалык бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын чыгарды. Анализдин алкагында бюджеттик тартипти чыңдоо, финансылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү багытында аткарыла турган иштер белгиленди. Алсак, борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна азырынча мекемелердин 71 пайызы гана өткөнү көрсөтүлүп, бул процессти аягына чыгаруу зарылдыгы айтылды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бюджеттин киреше бөлүгүн оптималдаштыруу жана ички резервдерди натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү бааланды. Тоо-кен тармагындагы салыктык мыйзамдарды андан ары өркүндөтүү, салык ставкаларын өз убагында адаптациялоо жана тармактык ишканалардан түшкөн милдеттүү төлөмдөрдү бюджетке толук багыттоо аркылуу мамлекеттик казынага кошумча кирешелерди тартуу потенциалы бар экени белгиленди.

Мамлекеттик карыз саясатын жана финансылык активдерди башкарууну андан ары өркүндөтүү көрсөтүлдү. Анализдин жыйынтыгында финансылык милдеттенмелерди оптималдаштыруу, баалуу кагаздарды чыгарууда бюджеттик чыгымдарды азайтуу, ошондой эле мамлекеттик акциялар пакеттерин эсепке алуу процессин толук иреттештирүү зарылдыгы белгиленди. Мындан сырткары, аудиттин жүрүшүндө мурдагы мезгилдерге тиешелүү бир катар карыздар такталып, тиешелүү баланска калыбына келтирилди.

Финансылык тартипти чыңдоо максатында капиталдык салымдарды жана бюджеттик кредиттерди бөлүүдө Казыналык тутумдун ролун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик колдоо чараларынын негиздүүлүгүн кошумча талдоо зарылдыгы аныкталды. Мамлекеттик органдарда кассалык пландоону тактоо, бөлүнгөн каражаттарды, анын ичинде социалдык корголгон беренелерди толук жана натыйжалуу өздөштүрүү милдеттери катталды.

Эсептөө палатасы аныкталган мүчүлүштүктөрдү четтетүү, бюджеттик мыйзамдарды сактоо жана мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун ачыктыгын жогорулатуу максатында Министрлер Кабинетине, Финансы министрлигине жана мамлекеттик органдарга тиешелүү жазма буйрук жана сунуштамаларды жөнөттү.

SEREP MEDIA