Abank july
SerepTV Logo

Соцтармакта Таластагы мушташка президенттин өкүлү менен Курулуш министринин тиешеси бар экени айтылууда

Соцтармакта Таластагы мушташка президенттин өкүлү менен Курулуш министринин тиешеси бар экени айтылууда

Соцтармакта 22-августта Талас облусундагы «Манас Ордо» комплексинде курулуш иштери жүрүп жаткан учурда болгон жаңжал тууралуу маалымат тарады. Жарыяларда мушташка жумушчулардын бири менен болгон чырдын жүрүшүндө Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев жана Курулуш министри Нурдан Орунтаев да тиешеси бар экени айтылган. Бул тууралуу Кактус жазды.

Кийинчерээк соцтармакта жаңжал учурунда тартылган видео тарады. Видеодон эки эркектин өз ара мамилесин тактап, талашып жатканын көрүүгө болот. Алардын бири экинчисин өзүнө кол көтөрдү деп айыптаган. Видеонун айрым кадрларында Нурдан Орунтаев да көрүнөт. Бирок видеодон көрүнүп тургандай, министр мушташка катышкан эмес, тескерисинче, жаңжалдашкан адамдардын бирин — көз айнек тагынган кишини — четке алып кеткен. Ал эми жарыяланган видеодон жаңжалга катышкан адамдардын арасында Эрмат Жумаев көрүнбөйт. Болгон окуянын себеби азырынча белгисиз.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 22-августта болгон окуя тууралуу маалымат Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, андан кийин окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга катышкан адамдар болгон окуя боюнча эч кимде арыз же доомат жок экенин билдиришкен. Учурда текшерүү уланууда», — деп билдиришти Талас облустук ички иштер башкармалыгынан.

Кийинчерээк окуяга Эрмат Жумаев да комментарий берди. Аны менен бирге видеодо жаңжалдын катышуучуларынын бири — буга чейин тараган видеодон көрүнгөн, көз айнек тагынган Данияр Айболотович аттуу жаран да болгон.

Данияр Айболотовичтин айтымында, ал «Манас Ордо» комплексиндеги курулуш иштерин аткарган подрядчы компаниянын директору болуп саналат. Ал 21-августта болгон окуяны «жумуш учурундагы кадимки жагдай» деп атап, тараптар маселени өз ара чечип алышканын билдирди.

Ошондой эле ал Эрмат Жумаевдин мушташка катыштыгы бар деген маалыматты четке какты. Анын айтымында, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү мушташкан эмес, тескерисинче, жаңжалдашкан тараптарды ажыратууга аракет кылган.

Эрмат Жумаев өзү да жаңжал чындап болгонун тастыктады. Бирок анын айтымында, окуяга Данияр Айболотович менен жумушчу катышкан. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү ошондой эле кийинчерээк тараптар өз ара сүйлөшүп, жаңжалды жөнгө салышканын билдирди.

SEREP MEDIA