Ташиевдин "Ырыс-Ордонун" ачылышына барбай калышына ден соолугу себеп болгону айтылды
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин "Ырыс-Ордонун" ачылышына барбай калышына ден соолугу себеп болгон. Бул тууралуу анын тарапташтары соцтармактагы баракчаларына жазышты.
"Акыркы жылдары Кыргызстанда көптөгөн өзгөчө имараттар курулуп, өлкөбүз көркүнө чыгып келе жатат. Дагы бир ажайып имарат жакшы тилек менен «Ырыс-Ордо» аттуу жаңы жайыбыз ачылды. Президент Садыр Нургожоевичтин элди бириктирген мындай кадамы колдоого арзыйт.

Ал эми «Генерал Камчыбек Кыдыршаевич эмнеге барбады?» деген суроолор айтылып жатат. Генералыбыз ачылыш аземине чакырылган, бирок ден соолугуна байланыштуу бара албай калган", - деп жазылат бидирүүлөрдө.
“75чилердин иши” деп атыккан жараян боюнча соттолгон экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу, экс-башкы прокурор Курманкул Зулушев баш болгон айыпталуучулар жана аталган кайрылууга кол койгон бир нече адам "Ырыс-Ордонун" ачылыш аземине барганы коомчулукта талкууга түшкөн болчу.