Abank july
SerepTV Logo

Кыргыз Эл жазуучусу Калканбай Ашымбаев дүйнө салды

Кыргыз Эл жазуучусу Калканбай Ашымбаев дүйнө салды
 
Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, белгилүү калемгер, публицист жана журналист Калканбай Ашымбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 25-августта саат 10:00дө Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

Калканбай Ашымбаев кыргыз адабияты менен журналистикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон көрүнүктүү калемгерлердин бири. Ал СССР Журналисттер союзунун жана СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болуп, көп жылдар бою проза, публицистика жана фельетон жанрларында үзүрлүү эмгектенген. Калканбай Ашымбаев Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына сиңирген ардагери, Эл агартуунун отличниги наамдарына татыган. Акыркы сапарга узатуу зыйнатынан соң маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
SEREP MEDIA