Abank_oct
SerepTV Logo

4-5-октябрь күндөрү өлкөдө абанын температурасы төмөндөйт

4-5-октябрь күндөрү өлкөдө абанын температурасы төмөндөйт
4-октябрда күндүн экинчи жарымында жана 5-октябрда Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19-24 метрге жетиши күтүлөт.

5-октябрда күндүз жана 6-октябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 9…14°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 16…21°, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5° суукка чейин, күндүз 1…6° жылуулукка чейин, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10° суукка чейин, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
SEREP MEDIA