Abank_oct
SerepTV Logo

1-4-октябрь күндөрү тоолуу ашууларда кар жаашы күтүлүүдө

1-4-октябрь күндөрү тоолуу ашууларда кар жаашы күтүлүүдө
ӨКМдин маалыматына ылайык, 1-4-октябрь күндөрү өлкөнүн тоолуу аймактарында кар жаап, айрым ашууларда жол тайгак болушу ыктымал. 

Төмөнкү ашуулар аркылуу жолго чыккандар автоунаанын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырыңыздар:
• Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел;
• Суусамыр-Талас-Тараз жолунун Өтмөк,
• Каракол–Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу
• Балыкчы-Жалал-Абад жолунун Көк-Арт ашуулары

ЖКККББнын кызматкерлери аталган жол тилкелеринде күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Айдоочуларга жолго чыгаар алдында унаанын техникалык абалын текшерип, ылдамдыкты азайтып, аралыкты сактап жана жол белгилеринин талаптарын аткарууну эскертебиз. Аба-ырайы кескин өзгөргөн учурда зарыл жумуш болбосо алыскы сапарды кийинкиге жылдырып туруңуздар.
SEREP MEDIA