1-4-октябрь күндөрү өлкөнүн айрым аймактарында катуу жаан-чачын күтүлөт
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 1-4-октябрь күндөрү республиканын айрым аймактарында катуу жаан-чачын жаап, сел жүрүү коркунучу жаралышы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Бийик тоолуу жайыттарда жүргөн чабандарга малды алдын ала коопсуз жана төмөнкү аймактарга түшүрүү сунушталат. Жарандарды аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу сактык чараларын көрүүгө жана кооптуу аймактардан алыс болууга чакырабыз.