Abank_june
SerepTV Logo

«Жусуп» көркөм тасмасынын улуттук бет ачары 25-августта өтөт

«Жусуп» көркөм тасмасынын улуттук бет ачары 25-августта өтөт
 
Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановго арналган «Жусуп» аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык көркөм тасмасын сунуштайт.

Тасма XX кылымдын биринчи жарымындагы тарыхый окуяларды чагылдырып, Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү ордун жана анын элине жана мекенине болгон берилгендигин баяндайт. Кинодолбоордо ошол доордун тарыхый атмосферасы кылдат жандантылып, тартуу иштери Кыргызстанда, Орусияда, Казакстанда жана Өзбекстанда жүргүзүлгөн. Тасманын режиссёру — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмери Таалайбек Кулмендеев. Долбоор Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы тарабынан Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин колдоосу менен ишке ашырылууда.

«Жусуп» көркөм тасмасынын улуттук бет ачары 2026-жылдын 25-августуна белгиленген жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Жусуп Абдрахмановдун туулгандыгынын 125 жылдыгына арналат.