Abank_oct
SerepTV Logo

Бишкекте «Кимчи» корей улуттук ашканасынын фестивалы өтөт

Бишкекте «Кимчи» корей улуттук ашканасынын фестивалы өтөт
 
7-ноябрда саат 11:00дөн 16:00гө чейин Курманжан датканын эстелигинин жанындагы сейилдөө аллеясында «Кимчи» фестивалы өтөт. Иш-чараны Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги Бишкек шаарынын мэриясынын көмөгү менен уюштурууда.

Фестивалдын максаты — борбор калаанын тургундарын жана конокторун Кореянын каада-салттары, маданияты жана улуттук ашканасы менен тааныштыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо. Фестивалдын алкагында конокторду корей ашканасынын эң белгилүү салттуу тамактарынын бири болгон кимчинин даамын татып көрүү, аны даярдоо боюнча мастер-класска катышуу жана корей элинин салттуу кийими — ханбокту кийип көрүү мүмкүнчүлүктөрү күтөт. Фестиваль маданий алмашуу жана корей элинин каада-салттары менен жакындан таанышуу үчүн аянтча болот.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун фестивалга катышып, Корея Республикасынын бай маданияты менен таанышууга чакырат.
SEREP MEDIA