"Prada кийген азезил" тасмасынын үчүнчү бөлүгү тартылганы жатат
Мэрил Стрип, Энн Хэтэуэй жана Эмили Блант «Prada кийген азезил» тасмасынын үчүнчү бөлүгүн тартууну пландап жатышат.
«Prada кийген азезил 2» тасмасы прокатка жаңы эле чыгып, дароо биринчи бөлүгүндөй деңгээлге жетти. Уландысы кинематография дүйнөсүндө жаңы рекорд койду. Ал эми күйөрмандар үчүн эң кызыктуусу — көрүүчүлөрдү үчүнчү бөлүк күтүп жаткандай.
Маалыматка ылайык, Мэрил Стрип, Энн Хэтэуэй жана Эмили Блант бул тасманы трилогияга айлантууну көздөшүүдө. Экинчи бөлүктүн ийгилиги актрисаларды долбоордун үстүндө активдүү иштөөгө шыктандырды.
Сынчылар тасманын уландысын жылуу кабыл алган жок, айрыкча айрым маанилүү сценалар, анын ичинде Анна Винтур менен байланышкан эпизоддор негизсиз кыскартылганын белгилешкен. Ошого карабастан, актрисалар долбоордон баш тартууну ойлошкон жок. Мэрил Стриптин айтымында, эң негизгиси — сценарийди өз убагында даярдап жетишүү.
Тасманын экинчи бөлүгү оригинал чыккан соң 20 жылдан кийин жарык көрдү. Сюжет боюнча, Энди Сакс (Энн Хэтэуэй) Runway журналына кайтып келип, башкы редактор Миранда Пристлинин (Мэрил Стрип) жетекчилиги астында иштей баштайт.
Ошондой эле, үчүнчү бөлүк тууралуу айрым маалыматтар да белгилүү болду. Эмили Бланттын айтымында, анда «төрт негизги каарман болот».