Abank_oct
SerepTV Logo

"Күн жылыса киного бармай болдук". Ырчы Айгерим Расул кызы балдар үйү менен карылар үйүнө барды

"Күн жылыса киного бармай болдук". Ырчы Айгерим Расул кызы балдар үйү менен карылар үйүнө барды

Ырчы Айгерим Расул кызы балдар үйү менен карылар үйүнө барды. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Кычыраган кыштын суук күнүндө жылуу үйдө эс алып жата албадым. Кара-Суу базарына барып, 5 саат кыдырып, муктаждарга кийим тандап, жылуу сапаттуу оюмдагыдай кийимдерди алдым. Биринчи эле командам менен балдар үйүнө баш бактык. 25 балага кышкы жылуу куртка, кечки тамактанууга паалоо, шириндик, суусундук берилди. Эң башкысы балдардын маанайы. Аябай кубанышты… Алган белектерин жактырышты. Балдар менен сүйлөштүк, сырдаштык, кийинкиде буюрса күн жылып калганда чогуу киного бармай болдук. Ар биринин мойнунан жыттап, бала жытына мас болуп коштошкум келбей кайттым. Сиздер дагы сөзсүз келиңиздер!" - деп жазды ал. 

Ырчы айым мындан тышкары, карылар үйүнө да барганын жазды. "Чоң аталарга дагы барып, жылуу белектеримди тараттым. Ушул жилеткалар азыр мода экен. Чоң аталар менин келишиме кубанганы көздөрүнөн билинип турду. Азыр эле сенин “Водовоз” деген киноңду көрүп жаттык эле дейт. Кечки тамактанууга паалоо берилди. Бизди баталарын берип узатышты. Мен дагы келем деп убада бердим", - деп жазды ал. 
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от AIGERIM RASUL KYZY (@aigerim_rasul_kyzy)

data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от AIGERIM RASUL KYZY (@aigerim_rasul_kyzy)

Экс-мэр Жеңишбек Токторбаевдин атасы дүйнөдөн кайтты

16:13 22.09.2026

1-октябрдан тарта пенсиянын орточо өлчөмү 12898 сомго жетет

11:49 21.09.2026

Трамп 60 жылдан бери сакталып келген протоколду бузуп, Си Цзиньпинди учактын тепкичинен тосуп алды

09:52 24.09.2026

Ошто түнкү клубда коомдук тартипти бузушкандар тергөө кызматына камсыз болушту

10:44 20.09.2026

Арашан койлорунун эл аралык фестивалы өттү

10:41 21.09.2026

Президент Садыр Жапаров Юта штатынын Олимпиадалык паркына барды

11:29 20.09.2026

Азия оюндары-2026: Кубанычбек Айбек уулу коло медалдын ээси

14:56 29.09.2026

Ош эл аралык аэропортундагы жаңы аэробекетинин көрүнүшү

14:50 29.09.2026

Жайытта багылган малдын этинин өздүк наркы 231 сомду түзөт

14:44 29.09.2026