Касымалиев Жогорку Кеңешке коргонуу жөндөмдүүлүктү, коопсуздукту жана укук тартибин чыңдоо тууралуу маалымдады
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында сүйлөп жатып, улуттук коопсуздукту чыңдоо, укук коргоо органдарын, куткаруу кызматтарын жана сот тутумун модернизациялоо боюнча иштердин жыйынтыктарын маалымдады.
Министрлер кабинетинин төрагасы 2026-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана атайын техника берилгенин, ал эми 2021-жылдан 2026-жылга чейинки мезгилде ведомствого жалпы суммасы 7 млрд сомго 652 даана автотранспорт жана атайын техника алынып берилгенин белгиледи.
Милициянын реформасы тууралуу айтып жатып, Адылбек Касымалиев кызматкерлерди боди-камералар жана планшеттер менен камсыздоо жарандардын чакырууларына жооп берүү убактысын 1–3 сааттан 10 мүнөткө чейин кыскартууга мүмкүндүк бергенин маалымдады. Өлкө боюнча милициянын 60 көчмө пункту иштей баштады, ДНК, дактилоскопиялык, баллистикалык жана кол жазма экспертизаларынын заманбап лабораториялары түзүлдү.
«Ички иштер органдарынын автопаркы 95 пайызга жаңыланды, кызматкерлер формалуу кийим-кече менен толук камсыз болду. Республика боюнча 10 миңден ашык видеобайкоо камерасы орнотулуп, кырдаалдык борборлор жана ИИМдин заманбап Санариптик эксперттик борбору түзүлдү. Жолдордогу санариптик көзөмөлдүн күчөтүлүшү кырсыктарды дээрлик 40 пайызга азайтууга мүмкүндүк берди», — деп баса белгиледи МинКаб башчысы.
Адылбек Касымалиев Караколдо заманбап стандарттар боюнча жабдылган 200 орундуу № 23 тергөө абагы пайдаланууга берилгенин, ал эми түзөтүү мекемелеринде 10 жаңы өндүрүштүк цех жана устакана ишке киргизилгенин билдирди. Ал тергөө абактарын шаарлардын сыртына чыгаруу иштери пландуу түрдө уланып жатканын кошумчалады: жыл аягына чейин Чүй облусунда № 21 тергөө абагын жана Ош облусунда № 25 тергөө абагын ишке киргизүү пландалууда. Адылбек Касымалиев сот тутумунда 2025-жылы эки имарат тапшырылгандан кийин азыр дагы 16 объект курулуп жатканын, электрондук билдирүү тутуму 64 соттун баарында 100 пайызга киргизилгенин белгиледи.
Юстиция чөйрөсүндө «Электрондук нотариат» тиркемеси аркылуу тогуз айда 1,8 млн дон ашык аракет жүргүзүлгөнүн, ал эми «Пробация» тутуму 11 мамлекеттик органдын базалары менен интеграцияланганын айтты. Баяндаманын соңунда МинКаб башчысы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо маселелерине токтолду.
«2026-жылы аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине Бишкек, Манас, Каракол жана башка шаарларда 1 604 батир берилди. Жакынкы аралыкта дагы 1 786 батир берилет, ал эми Баткен облусунун Бужум айылында 60 батирлүү үй курулууда. Эң башкысы — өлкөбүздө ар дайым тынчтык өкүм сүрсүн», — деп жыйынтыктады Министрлер кабинетинин төрагасы.