SerepTV Logo

Кароол-Дөбө чокусунда 7 манасчы 12 мүнөт бою токтобой манас айтты

Кароол-Дөбө чокусунда 7 манасчы 12 мүнөт бою токтобой манас айтты
 
Кечээ, 10-сентябрда Талас шаарындагы Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплексинин Кароол-Дөбө чокусунда кыргыз элинин руханий мурасын даңазалаган өзгөчө иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө 7 манасчы 12 мүнөт бою токтобой «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтып, кыргыз элинин кылымдарды карыткан оозеки чыгармачылык салтын жана манасчылык өнөрүн даңазалашты. Кароол-Дөбө чокусунда жаңырган «Манас» айтуу өнөрү иш-чарага катышкан көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырып, улуттук баалуулуктардын, тарыхый мурастын жана кыргыз элинин руханий дүйнөсүнүн маанилүүлүгүн дагы бир ирет айгинеледи. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралардын алкагында уюштурулду.

«Манас» эпосу — кыргыз элинин тарыхын, дүйнө таанымын, каада-салтын жана улуттук баалуулуктарын камтыган уникалдуу руханий мурас. Аны муундан муунга жеткирүүдө манасчылардын эмгеги өзгөчө мааниге ээ.

SEREP MEDIA