Abank_june
SerepTV Logo

"Дарыгер" сериалынын бет ачары болуп өттү

"Дарыгер" сериалынын бет ачары болуп өттү
Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” кинотеатрында «Дарыгер» сериалынын бет ачар аземи болуп өттү. Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр Мирбек Мамбеталиев сериалдын коомдук маанисине токтолуп, медицина кызматкерлеринин жоопкерчиликтүү жана талыкпас эмгегин көркөм чагылдырган мындай долбоорлордун өзгөчө ордун белгиледи. Министр өз сөзүндө акыркы жылдары мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин колдоосу менен кино тармагына көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик колдоо күчөгөнүн белгилеп, анын натыйжасында мазмундуу жана сапаттуу чыгармаларды жаратууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтты.

Белгиленгендей, «Дарыгер» сериалы Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти тарабынан эксперттик кеңештин чечиминин негизинде колдоого алынган. Долбоор 2025-жылы мамлекет тарабынан 35 миллион сом көлөмүндө каржыланып, анын негизинде 10 сериялуу көркөм сериал тартылган. Сериал дарыгерлердин адам өмүрүн сактоодогу эмгегин, кесипке берилгендигин жана алардын күнүмдүк жоопкерчилигин көркөм чагылдырат.

Иш-чаранын соңунда тасманын чыгармачыл тобуна, продюсерлерге жана тасма жаратууга салым кошкон бардык өкүлдөргө ыраазычылык билдирилип, сериал көрүүчүлөрдүн кеңири колдоосуна ээ болуп, улуттук кино өнөрүнүн өнүгүшүнө өз салымын кошооруна ишеним айтылды.