Abank july
SerepTV Logo

"Барсбек каган" тарыхый көркөм тасмасы 10-сентябрдан тартып көрсөтүлөт

"Барсбек каган" тарыхый көркөм тасмасы 10-сентябрдан тартып көрсөтүлөт
 
«Каганат» коомдук кайрымдуулук фонду кыргыз элинин тарыхына арналган «Барсбек Каган» тарыхый көркөм тасмасын жакын арада көрүүчүлөргө сунуштайт. Бул тасма «Каганат» аттуу масштабдуу киноэпопеянын алгачкы бөлүгү болуп саналарын Маданият министрлигинен маалымдашты.

Киноэпопея беш толук метраждуу көркөм тасмадан туруп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхын, улуттук баалуулуктарды жана элибиздин тарыхый-маданий мурасын кеңири чагылдырууну көздөйт. «Барсбек Каган» тасмасы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү маанилүү доорлордун бирин көркөм баяндайт. Долбоор Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата даярдалып, тасма 10-сентябрдан тартып өлкөнүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлөт. Тасманы жаратууда заманбап кинематографиялык чечимдер жана жасалма интеллект (AI) технологиялары колдонулуп, тарыхый окуяларды экранда жогорку көркөм деңгээлде чагылдырууга өзгөчө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Долбоорду ишке ашырууга Кыргыз улуттук «Манас» театры да чыгармачылык салым кошкон. Киноэпопеянын кийинки бөлүктөрү этап-этабы менен жарык көрүп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн даңазалуу тарыхын баяндоону улантат.