Royal
SerepTV Logo

Актан Арым Кубаттын “Эсимде” тасмасынын дүйнөлүк бет ачары Японияда болот

Актан Арым Кубаттын “Эсимде” тасмасынын дүйнөлүк бет ачары Японияда болот

Режиссер Актан Арым Кубаттын “Эсимде” жаңы тасмасы 24-октябрдан 2-ноябрга чейин өтө турган 35-Токио эл аралык кинофестивалынын (Япония) сынактык программасына чакырылды. Бул тууралуу продюсер Алтынай Койчуманова билдирди. Токио эл аралык кинофестивалы биринчи жолу 1985-жылы өткөрүлгөн жана Эл аралык кинопродюсерлор ассоциациясынын федерациясы тарабынан бекитилген А классындагы эң мыкты 15 кинофестивалдын бири болуп саналат. Сынакка дүйнөнүн 100гө жакын өлкөсүнөн 1500дөн ашык өтүнмөнүн ичинен Кыргызстан, Чили, Аргентина, Тунис, Испания, Япония, Италия, Вьетнам, Македония, Казакстан, Шри-Ланка, Кипр, Иран, Франция, Германиядан 15 тасма тандалып алынган. Актан Арым Кубаттын тасмалары Япониянын кинофестивалдарына катышуу үчүн биринчи жолу чакырылып жаткан жок. 1998-жылы "Бешкемпир" тасмасы Токио эл аралык кинофестивалынын ююри сыйлыгын жеңип алса, 2017-жылы "Кентавр" тасмасы Tokyo Filmex эл аралык кинофестивалына катышкан. «Бешкемпир», «Маймыл», «Свет аке» жана «Кентавр» тасмалары Японияда кеңири прокатка чыккан.

“Эсимде” тасмасынын бет ачары 27-октябрда Япониянын борборунда, 29-октябрда жана 1-ноябрда да көрсөтүлөт.