Abank_june
SerepTV Logo

Токаев менен Путин Украина, АЭС жана соода тууралуу сүйлөштү: жолугушуунун негизги билдирүүлөрү

Токаев менен Путин Украина, АЭС жана соода тууралуу сүйлөштү: жолугушуунун негизги билдирүүлөрү

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Омск шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуунун негизги темаларынын бири эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы болду. Токаевдин айтымында, 2025-жылы Казакстан менен Орусиянын ортосундагы соода көлөмү болжол менен 28 млрд долларды түзгөн. Ал ошондой эле Орусия Казакстандын экономикасына эң көп инвестиция салган өлкөгө айланганын белгилеп, инвестициялардын көлөмү дээрлик 30 млрд долларга жеткенин айтты.

Лидерлер Казакстандагы биринчи атомдук электр станциясынын курулушун да талкуулашты. Токаев Балхаш көлүнүн жанындагы курулуш аянтчасында даярдык иштер аяктоо алдында турганын билдирди. Анын айтымында, бул долбоордун алкагында Казакстан Орусиянын колдоосу менен атом энергетикасы боюнча өз адистерин даярдоону пландап жатат. Ошондой эле Токаев Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал тууралуу пикирин билдирди. Ал бул кырдаалды жарандык согуш эмес, мамлекеттер аралык конфликт деп эсептей турганын айтып, Стамбул форматындагы сүйлөшүүлөргө кайтуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

«Балким, бул конфликтти убактылуу токтотуп, Стамбул формуласы 2.0га кайтуу керек болушу мүмкүн, анткени ал жерде олуттуу жыйынтыктарга жетишилген. Андан кийин ири державалардын, анын ичинде Орусиянын кепилдиги менен көптөн күткөн тынчтыкка карай жылуу зарыл. Казакстан четте турган өлкө эмес, бирок мен ортомчу болуудан баш тартам, анткени тараптар өздөрү эле маселелерди чече алат деп ишенем. Бирок өзүмдүн жөнөкөй пикиримди билдирүүнү туура көрдүм», — деди Токаев.

Өз кезегинде Владимир Путин эки өлкөнүн экономикалык кызматташуусу өсүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, 2026-жылдын алгачкы беш айында товар жүгүртүү 4%дан ашык көбөйгөн. Ошондой эле Орусиянын бизнеси катышкан Казакстандагы 70 биргелешкен долбоор ишке ашырылып жатканын, алардын жалпы суммасы болжол менен 30 млрд долларды түзөрүн айтты.

Тараптар энергетика, транспорт, айыл чарба, космос жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты да талкуулашты. Айрыкча Путин Омск шаарында Казак улуттук университетинин филиалы ачылганын жана билим берүү байланыштары өнүгүп жатканын белгиледи.

Сүйлөшүүлөр Орусия менен Казакстандын аймактар аралык кызматташтыгынын XXII форумунун алкагында өттү.