Abank july
SerepTV Logo

Тайвань жарандарына «ЖИден түшкөн дивиденддерди» төлөп берет

Тайвань жарандарына «ЖИден түшкөн дивиденддерди» төлөп берет

Өлкөдөгү экономикалык өсүштүн жогорку темптеринин фонунда Тайвандын өкмөтү жалпыга бирдей акчалай төлөм киргизүүнү сунуштады. Анын максаты — жасалма интеллекттин өнүгүшү алып келген экономикалык пайдадан ар бир жаран өз үлүшүн алышы. Бул тууралуу Taipei Times жазды.

Тайвандын президенти Уильям Лай 2027-жылга карата бюджетте жарандарга төлөм берүү үчүн 235,7 млрд жаңы тайвань долларын (болжол менен 7,4 млрд доллар) бөлүү караларын билдирди. Ар бир жаранга 10 миң жаңы тайвань доллары (болжол менен 26 600 рубль) төлөнөт.

Лайдын айтымында, мындай төлөм экономикалык өсүштөн түшкөн пайданы технологиялык компаниялардын гана эмес, кадимки үй-бүлөлөрдүн арасында да бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Тайвандын ички дүң продукциясы (ИДП) 14,15%га өстү. Бул акыркы 50 жылдагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды. 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча бийлик экономиканын эки орундуу темпте өсүшүн күтүп жатат. Бул 2010-жылдан берки биринчи жолу болот.

Ушундай эле көрүнүш Түштүк Кореяда да байкалууда. Бул өлкө да жасалма интеллекттин өнүгүшүнөн пайда көрүүдө. Салыктан түшкөн рекорддук кирешелер өлкөгө тарыхындагы эң ири бюджетти — болжол менен 530 млрд долларды түзүүгө мүмкүндүк берет. Кошумча түшкөн кирешенин бир бөлүгүн бийлик жаштарга колдоо көрсөтүүгө, жаңы тармактарга, аймактарды өнүктүрүүгө жана адистерди даярдоого инвестиция салуучу атайын фондго багыттайт.