Стамбулда басма сөз эркиндигин коргогон миңдеген адам митингге чыкты
Стамбулда басма сөз эркиндигин коргоп, миңдеген адам митингге чыкты. Буга Түркияда бир катар оппозициялык медиалардын жабылышы себеп болгон.
Cumhuriyet гезитинин маалыматына караганда, акцияга миңдеген адам катышып, митингчилердин колоннасы бир нече чакырымга созулган. ARD телеканалынын кабарчысынын айтымында, демонстранттардын арасында улуу муундагы адамдар, негизинен 50-60 жаштагылар көп болгон. Акцияны оппозициялык Yeni партиясы уюштурууга чакырган.
Акыркы апталарда түрк бийлиги Sözcü TV телеканалын тышкы башкарууга өткөрүп, Halk TV телеканалын жапкан жана көз карандысыз T24 басылмасынын сайтына бөгөт койгон.
Өлкөдөгү медианын болжол менен 95 пайызы бийликтин көзөмөлүндө деп эсептелет. «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун баалоосуна ылайык, Түркия басма сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде 180 өлкөнүн ичинен 163-орунда турат.
«Биздин басма сөзүбүздү унчукпай калууга мажбурлашты», — деген ураан менен миңдеген адам Стамбулдун көчөлөрүнө чыкты.
Нааразылык акциясына чыккандар бийликтин оппозициялык медиаларга карата аракеттерин 2028-жылы өтө турган президенттик шайлоого даярдык менен байланыштырышууда.