Abank july
SerepTV Logo

Непалдагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 160тан ашты, жүздөгөн адам дайынсыз болууда

Непалдагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 160тан ашты, жүздөгөн адам дайынсыз болууда

Непалда күтүүсүздөн болгон катуу суу ташкынынан кеминде 162 адам каза болуп, 500дөн ашуун адам дайынсыз болууда.

Бул кырсык өлкөнүн акыркы ондогон жылдардагы тарыхындагы эң оор табигый кырсыктардын бири катары бааланууда. Суу ташкыны шаршемби күнү эртең менен Бхоте-Коши дарыясынын аймагында болуп, чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарды кыйратып, Катманду — Керунг соода коридорунун боюндагы гидроэлектростанцияларды жана инфраструктураны талкалаган. Андан соң суу Тришули дарыясынын бассейнине агып кирген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 9 гидроэлектростанция талкаланып, 19 автокөпүрөнү суу жууп кеткен жана 40 чакырым автомобиль жолу жабыркаган.

Кырсыкка Расува — Расувагадхи чек ара өткөрмө пунктунан болжол менен 20 чакырым түндүк-чыгышта болгон муз жана таш көчкү себеп болгон. Бхоте-Коши дарыясынын куймасы болгон Лхенде дарыясынын нугу жер көчкүдөн тосулуп калган. Андан кийин топтолгон суу жана таштандылар Тимуре аркылуу Тришули дарыясына агып кеткен.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, адам өмүрүнүн көп санда кыйылышына жана материалдык чыгымдын чоң болушуна күтүүсүз суу ташкыны тууралуу тиешелүү маалыматтын өз убагында берилбегени себеп болгон. Бул аймакта жаан-чачын катталбагандыктан, тургундарга кырсык тууралуу алдын ала эскертүү берилген эмес. Адамдар күнүмдүк иштерин жасап жаткан учурда кырсык капысынан болгон.

Непалдын армиясы жана жеке тик учак операторлору кырсык болгон аймактан 100дөн ашуун адамды эвакуациялап чыгышты. Эң көп жабыркаган аймактарга тик учактар аркылуу чатырлар, азык-түлүк жана башка биринчи кезектеги керектүү буюмдар жеткирилүүдө.

SEREP MEDIA