Abank_nov
SerepTV Logo

Египетте поезд кырсыгынан кеминде 88 адам жаракат алып, 4 адам каза болду

Египетте поезд кырсыгынан кеминде 88 адам жаракат алып, 4 адам каза болду

Гиза шаарында жүргүнчү ташыган поезддин бир нече вагону рельстен чыгып кетти. Кырсык Каир — Асуан багытындагы темир жол тилкесинде болгон. Бул каттам борбор шаарды Египеттин түштүк аймактары менен байланыштырган негизги темир жол багыты болуп саналат.

Мамлекеттик темир жол башкармалыгынын маалыматына караганда, бир поезд экинчи поезддин арт жагын сүзгөн. Жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн 70тен ашуун тез жардам унаасы тартылган.

Египетте поезд кырсыктары байма-бай катталып, алардын кесепетинен ондогон адамдар каза болуп же жаракат алышат. Кырсыктардын негизги себептеринин арасында адамдык фактор жана сигнал берүү системаларындагы мүчүлүштүктөр аталат.

SEREP MEDIA