Abank_june
SerepTV Logo

Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи жерге берилди. Аза күтүүгө 40 миллиондон ашуун киши катышты

Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи жерге берилди. Аза күтүүгө 40 миллиондон ашуун киши катышты

Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи алты күндүк аза күтүү иш-чараларынан кийин анын туулган шаары Мешхедде жерге берилди. Анын сөөгү шиит мусулмандарынын эң ири ыйык жайларынын бири болгон Имам Резанын мавзолейине коюлду.

Жерге берүүдөн мурун күмбөздүн аймагында намаз окулуп, ага жүз миңдеген зыяратчылар катышты. Ошондой эле ошол жерде Хаменеи менен кошо каза болгон анын үй-бүлө мүчөлөрү менен коштошуу аземи өткөрүлдү. Расмий бөлүгү чектелген адамдардын катышуусунда өттү.

Али Хаменеи менен коштошуу 3-июлда Тегеранда башталган. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, аза күтүү иш-чараларына 100дөн ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышкан.

Борбордогу аземден кийин анын сөөгү Мосалла диний-коомдук комплексинде коюлуп, андан соң Тегерандын көчөлөрү аркылуу аза жүрүшү өткөн. Кийин аземдер Кум шаарында, ошондой эле Ирактын Наджаф жана Кербела шаарларында улантылган.

Маркум аятолланын уулу жана Ирандын жаңы жогорку лидери Можтаба Хаменеи коомчулукка көрүнгөн жок. Ал март айынын башында кызматка киришкенден бери эл алдына чыга элек. Айрым маалымат каражаттары анын америкалык-израилдик аба соккусунун натыйжасында жаракат алганын билдиришкен.

«Аль-Жазиранын» маалыматына ылайык, Али Хаменеи 28-февралда Тегеранга жасалган соккудан каза болгон. Коштошуу аземи 3-июлда башталып, Иран менен Ирактын бир нече шаарларында өткөн. Ирандын Fars агенттиги аза күтүү иш-чараларына 41-43 миллион адам катышканын жазды.