SerepTV Logo

Apple iPhone 18 Pro жана iPhone 18 Pro Max смартфондорун тааныштырды: эмне өзгөрдү?

Apple iPhone 18 Pro жана iPhone 18 Pro Max смартфондорун тааныштырды: эмне өзгөрдү?

Apple компаниясы iPhone 18 Pro жана iPhone 18 Pro Max смартфондорун тааныштырды. Жаңы моделдер A20 Pro чибине, жакшыртылган муздатуу системасына ээ болуп, бир кубаттоо менен 36 саатка чейин иштей алат.

АКШда iPhone 18 Proнун баасы 1199 доллардан, ал эми iPhone 18 Pro Maxтын баасы 1299 доллардан башталат. Сатыкка 18-сентябрда чыгат.

Смартфондор төрт түстө чыгарылат: кара, күмүш, ачык түстөгү Glacier жана бордо. Арткы айнек панели эми корпустун түсүнө шайкеш жасалды.

Негизги жаңылыктардын бири — Apple Intelligence технологиясынын негизиндеги жаңы Siri. Ассистент колдонуучунун буга чейинки суроо-талаптарын, экрандагы маалыматтарды жана жеке маалыматтарды эске алып, билдирүүлөрдөн, электрондук каттардан жана сүрөттөрдөн керектүү маалыматты таба алат. Ошондой эле бир нече тиркемеде бир убакта тапшырмаларды аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Siri'нин жаңы версиясы жылдын аягында бета-тест режиминде жеткиликтүү болот.

iPhone 18 Proнун негизги камерасында биринчи жолу өзгөрүлмө диафрагма пайда болду. Ал камерага түшкөн жарыктын көлөмүн жана кадрдын талаа тереңдигин жөнгө салууга мүмкүндүк берет. Мисалы, портрет тартууда фонду көбүрөөк бүдөмүктөтүүгө болот. Негизги камеранын чечилиши — 48 мегапиксел. Ошондой эле iPhone тарыхында биринчи жолу камеранын диафрагмасын жөнгө салуу аркылуу жарыктын көлөмүн жана фондун бүдөмүктөлүү деңгээлин башкарууга болот.

Жаңы смартфондор бир кубаттоо менен 36 саатка чейин иштей алат. Батареяны 15 мүнөттө 50 пайызга чейин кубаттоого болот.

Apple компаниясы жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн сүрөттөргө каршы күрөшүү үчүн жаңы iPhone моделдерине сүрөттөрдүн аныктыгын тастыктоо функциясын да кошту.

AirPods 5

Apple ошондой эле жаңы акустикалык системага жана адаптивдүү эквалайзерге ээ AirPods 5 кулакчындарын тааныштырды. Негизги версиясынын баасы 129 доллардан башталат. Ызы-чууну басуу функциясы мурунку моделге салыштырмалуу 50 пайызга жакшыртылган.

Кулакчындар аркылуу Siri менен сүйлөшүп, ага үн аркылуу буйрук берүүгө болот. Ал эми Live Translation функциясы сүйлөшүүлөрдү реалдуу убакыт режиминде минималдуу кечигүү менен которууга мүмкүндүк берет.

Кулакчындар бир кубаттоо менен 5 саатка чейин иштейт.

Apple Watch Series 12 жана Ultra 4

Презентацияда Apple Watch Series 12 жана Ultra 4 акылдуу сааттары да көрсөтүлдү. Ар бир беш секунд сайын жүрөктүн согушун жана башка көрсөткүчтөрдү өлчөйт. Күн сайын эртең менен колдонуучунун акыркы активдүүлүгүн, маанилүү көрсөткүчтөрүн жана уйкусун талдап, организмдин күн ичинде физикалык күч келтирүүгө даярдыгын баалайт.

Жаңы iPhone жана Apple Watch менен үй шартында виртуалдык машыктыруучунун жардамы аркылуу машыгууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт.

SEREP MEDIA