Abank july
SerepTV Logo

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын сыйлык медалы

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын сыйлык медалы

Сыйлык медалы — VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган, кыргыз элинин көчмөн маданиятын, салттуу философиясын жана улуттук мурасын чагылдырган өзгөчө дизайндагы сыйлык медалы.

Медалдын дизайн-концепциясы көчмөн кыргыз элинин салттуу философиясына негизделип, спорт менен көчмөндөрдүн маданий мурасын бир композицияда айкалыштырат. Медаль эки беттен туруп, аны орнотууга арналган атайын таяныч менен бир комплектти түзөт.

Медалдын алдыңкы бетинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби, кыргыз элинин тотемдик жаныбарларынын стилизацияланган образдары, улуттук оймо-чиймелер жана байыркы аска сүрөттөрүнүн фрагменттери чагылдырылган. Композицияны эки илбирс жана эки бүркүттүн гравировкаланган образдары толуктап, дүйнө түзүлүшүндөгү жуптуулук жана гармония түшүнүгүн символдоштурат.

Медалдын арткы бетинин борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон «Өмүр дарагы» жайгашкан. Ал муундарды байланыштырган өзөктү жана түбөлүктүүлүктү билдирет. Анын айланасында көчмөндөрдүн негизги улуттук оюндарынын пиктограммалары берилген.

Медаль аркар мүйүздүү төрт таянычка орнотулган «Змеевик» мрамор ташынан жасалган негизге жайгаштырылат. Таанычтын композициясында шырдак, боз үй, күн нуру чачыраган түндүк, «кочкор мүйүз» оюусу жана көчмөндөрдүн материалдык жана руханий мурасын билдирген башка элементтер камтылган. Ошондой эле композицияда 12 айды жана түбөлүктүүлүктү символдоштурган элементтер колдонулган.

Медалды даярдоодо латунь, дат баспас болот жана «Змеевик» мрамору сыяктуу материалдар колдонулат. Медаль алтын, коло жана жез өңдүү варианттарда каралган.

Сыйлык медалы кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, улуттук баалуулуктарын жана көчмөн цивилизациясынын мурасын заманбап көркөм чечим аркылуу даңазалаган символдук сыйлык болуп саналат.

SEREP MEDIA