Abank
SerepTV Logo

Ура! Жоламан Шаршенбеков Олимпиадада коло медаль жеңди

Ура! Жоламан Шаршенбеков Олимпиадада коло медаль жеңди

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Жоламан Шаршенбеков коло медаль үчүн күрөшүп, атаандашын жеңип алды.

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 60 килограммга чейинки салмак ченинде катышты. 1/8 финалда казакстандын балбаны Айдос Султангали менен күч сынашып, аны 6:3 эсебинде жеңип" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sport-kabarlar/bali-jolaman-sharshenbekov-algachky-ataandashyn-jendi/">жеңип алган.

Чейрек финалдык беттеште румыниялык балбан Разван Арнаут менен беттешип, аны мөөнөтүнөн эрте жеңип, жарым финалга чыккан." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sport-kabarlar/barakelde-jolaman-sharshenbekov-jarym-finalga-chykty-video/">чыккан.

Жарым финалда Япониянын балбаны Кеничиро Фумита менен күч сынашып, 4:3 эсеп саны менен Жоламан Шаршенбеков жеңилип калган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sport-kabarlar/jolaman-sharshenbekov-yaponiyalyk-ataandashynan-jenilip-kaldy/">калган.

Бүгүн, 6-августта Шаршенбеков коло медаль үчүн күрөштү. Анын атаандашы ирандык Мехди Мохсеннежад болду. Шаршенбеков аны 3:1 эсебинде жеңип алды.