Abank july
SerepTV Logo

Тогуз коргоол боюнча улуттук курама VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярданууда

Тогуз коргоол боюнча улуттук курама VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярданууда

Тогуз коргоол боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдыктарын кызуу улантууда.

Курама команданын курамында 12 спортчу (6 эркек жана 6 кыз), ошондой эле 3 машыктыруучу бар. Учурда спортчулар окуу-машыгуу жыйындарына катышып, өздөрүнүн чеберчилигин арттыруу үстүндө иш алып барышууда.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында тогуз коргоол менен катар овари, мангала оюну боюнча да мелдештер өткөрүлөт. Улуттук курама командалар алдыда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда  өлкө намысын татыктуу коргоого даярданууда.