Париж Олимпиадасы: Кыргызстандын курамасы медалдык эсепте 68-орунду ээледи
Белгилей кетсек, жалпы медалдык эсептин жеңүүчүсү АКШ курамасы болду. Америкалык спортчулар Парижде 40 алтын медалга ээ болушту. Ошондой эле команда 44 күмүш жана 42 коло медалга ээ болду. Жалпысынан АКШ курама командасы Олимпиадада 126 медаль утуп алды.
https://serep.kg/wp-content/uploads/2024/08/2024-08-11_22-37-15_837079.jpg" alt="" width="820" height="673" />
Экинчи орунду Кытай курамасы ээледи, анын да 40 алтын медалы бар, үчүнчү орунду Япония ээледи.
Борбор Азиядагы коңшуларыбыз төмөнкүдөй жыйынтыкка ээ болду: Өзбекстан курамасы 13-орунду ээледи. Анын сегиз алтын, эки күмүш жана үч коло, жалпы 13 медалы бар. Казакстан 43-орунда – бир алтын, үч күмүш жана үч коло. Тажикстан үч коло менен 79-орунда. Бул Олимпиадада Түркмөнстандын командасы медаль алган жок.