Лионель Мессинин дүйнө чемпионаттарындагы жаңы гол рекорду
Лионель Месси футбол боюнча дүйнө чемпионаттарынын тарыхында эң көп гол киргизген бомбардир болуп, жаңы рекорд жаратты.
Дүйнө Чемпиондугунун тайпалык баскычында учурдагы дүйнө чемпиону - Аргентина курама командасы кечээ Австрия курама командасы менен беттеш өткөрүп, Лео Месси дубль жаратты. Муну менен ал дүйнө чемпионаттарында каршылаштарынын дарбазасына жалпы 18 гол киргизди. Ошентип, Месси буга чейинки рекордчу 16 голу бар Германия курама командасынын мурдагы оюнчусу Миролсав Клозени ашып өттү.
Алтын топтун 8 жолку ээси Лионель Месси эртең, 24-июнда 39 жашка чыгат.