Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы Венгриядагы эл аралык рейтингдик мелдешке катышат
15-19-июль күндөрү Будапешт шаарында (Венгрия) «Polyak Imre & Varga Janos Memorial» аталышындагы эл аралык рейтингдик мелдеш өтөт. Аталган мелдешке Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Курама команданын тизмеси:
Арууке Кадырбек кызы (53 кг чейин)
Гүлнур Таштанбекова; (65 кг чейин)
Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин)
Кайыркүл Шаршебаева (72 кг чейин)
Айпери Медет кызы (76 кг чейин)
Машыктыруучулар: Нурдин Донбаев (улук машыктыруучу), Нурбек Изабеков (башкы машыктыруучу).