Abank_june
SerepTV Logo

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Венгриядагы эл аралык рейтингдик мелдешке катышат

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Венгриядагы эл аралык рейтингдик мелдешке катышат
16-20-июль күндөрү Будапешт шаарында (Венгрия) грек-рим күрөшү боюнча эл аралык рейтингдик мелдеш өтөт. Аталган мелдешке Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Курама команданын тизмеси:
• Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин)
• Автандил Таалайбек уулу (63 кг чейин)
• Раззак Бейшекеев (72 кг чейин)
• Алибек Бердиев (77 кг чейин)
• Акжол Махмудов (82 кг чейин)
• Ырыскелди Максатбек уулу (82 кг чейин)
• Асан Жанышев (87 кг чейин)
• Узур Жусупбеков (97 кг чейин)
• Нурболот Токтогонов (130 кг чейин)
• Эрлан Манатбеков (130 кг чейин)

Машыктыруучулар: Арсен Эралиев (улук машыктыруучу), Улук Карачолоков (башкы машыктыруучу)