Кыргызстандын U-15 кыз-келиндер курамасы кечээ күнү Дүйшөмбү (Тажикстан) шаарында жыйынтыкталган CAFA U-15 Women’s Championship эл аралык мелдешинин коло медалдарын жеңишти. Турнир алкагында курама үч беттеш өткөрдү. Аларда команда Иран (1-5), Өзбекстан (0-1) курамаларынан жеңилүү ызаасын тартып, Тажикстан курамасын 3-1 эсебинде жеңип, үч упай топтоду.
Мелдештин жыйынтыгы:
1-орун - Иран (9 упай)
2-орун - Өзбекстан (6 упай)
3-орун - Кыргызстан (3 упай)
4-орун - Тажикстан (0 упай)
Индивидуалдык сыйлыктар:
https://static.xx.fbcdn.net/images/emoji.php/v9/t51/1/16/2714.png" alt="✔" width="16" height="16" />Атайын сыйлык - Кыргызстан
https://static.xx.fbcdn.net/images/emoji.php/v9/t51/1/16/2714.png" alt="✔" width="16" height="16" />«Fair play» сыйлыгы - Тажикстан
https://static.xx.fbcdn.net/images/emoji.php/v9/t51/1/16/2714.png" alt="✔" width="16" height="16" />Мелдештин бомбардири - Мариям Халифар (Иран)
https://static.xx.fbcdn.net/images/emoji.php/v9/t51/1/16/2714.png" alt="✔" width="16" height="16" /> Мелдештин мыкты оюнчусу - Ясна Жафарния (Иран)
Бул турнирде кураманын башкы машыктыруучусу
Наталия Гайворонскаяга Talent Caoch программасы боюнча Кыргызстанда иштеген испандык адис
Дэниел Лимонес жардам берди.