Abank_june
SerepTV Logo

Испания 16 жылдан кийин кайрадан дүйнө чемпиону болду

Испания 16 жылдан кийин кайрадан дүйнө чемпиону болду

Испаниянын улуттук курама командасы 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпиону болду. Финалдык беттеш 19-июлда АКШнын Нью-Жерси штатындагы «Метлайф» стадионунда өтүп, анда испаниялыктар Аргентинаны 1:0 эсебинде жеңишти. Жалгыз голду кошумча убакыттын 106-мүнөтүндө Ферран Торрес киргизди.
  
• 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун эң мыкты оюнчусу деп Родри аталып, “Алтын топ” сыйлыгына татыды;
Унай Симон – турнирдин эң мыкты дарбазачы аталды;
• Ал эми Пау Кубарси – бул турнирдин эң мыкты жаш оюнчусу болду.

Бул турнирде 2-орунга Аргентина курама командасы ээ болду. Ал эми 3-орун Англиянын улуттук курама командасына буюрду.