Abank
SerepTV Logo

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Казакстан жер улактан жеңүүчү болду

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Казакстан жер улактан жеңүүчү болду
Бүгүн, 12-сентябрда Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында чечүүчү" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sport-kabarlar/v-dyinolyk-kochmondor-oyundary-bygyn-kok-par-menen-kok-borydon-finaldyk-oyundar-otot/">чечүүчү беттеште Кыргызстандын көкпар (жер улак) боюнча курамасы күмүш медалга ээ болду. Алар финалдык беттеште Казакстандын курамасына 5:4 эсебинде утулду. Оюндун жүрүшүндө чыр да чыкты. Биринчи тайм Кыргызстандын пайдасында 3:1 эсеп менен аяктап, экинчи тайм 4:4 эсепте тең чыгуу менен аяктады. Кошумча убакытта Казакстандын курамасы жеңишке жетти.