ДКО-2026: Тогуз коргоол боюнча мелдештер старт алды
1-сентябрь күнү «Евразия»пансионатында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында тогуз коргоол боюнча мелдеш старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Биринчи күнү мелдешке жалпы 127 спортсмен катышты: 67 эркек жана 60 кыз-келиндер. Мелдештер уланууда. Алдыда дагы бир катар оюндар жана чечүүчү этаптар күтүп турат.
2-сентябрь күнгө карата программа:
09:00-10:40 - Овари
11:00-12:40 - Мангала
14:30-16:30 - Тогуз коргоол
17:00-18:00 - Оюндардын ачылыш аземи
18:00-19:00 - Тогуз коргоол