Abank july
SerepTV Logo

ДКО-2026: Күрөш боюнча мелдештердин алгачкы күнүнүн жыйынтыгы

ДКО-2026: Күрөш боюнча мелдештердин алгачкы күнүнүн жыйынтыгы
 
Кечээ, 1-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде күрөштүн үч түрү — монгол бөх, гореш жана кураш боюнча 100 килограммдан жогорку салмак категориясындагы мелдештер жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Монгол бөх боюнча жалпы 14 спортсмен күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун — Анар Дорж (Монголия)
2-орун — Монге Эртине Куулар (Россия)
3-орун — Сурлиге Сурлиге (Кытай)
3-орун — Орозбек Аширов (Кыргызстан)

Гореш боюнча 31 мамлекеттен келген спортсмендер күч сынашты. Байгелүү орундар:
1-орун — Аннагурбан Аллабердиев (Түркмөнстан)
2-орун — Асанкелди Нурказым уулу (Кыргызстан)
3-орун — Илиосбек Мирзакматов (Өзбекстан)
3-орун — Надер Софизада (Афганистан)

Кураш боюнча 21 мамлекеттен келген спортсмендер күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында:
1-орун — Нумонжон Ражабов (Өзбекстан)
2-орун — Садег Азаранг (Иран)
3-орун — Кемал Кемалов (Түркмөнстан)
3-орун — Тилек Куралов (Кыргызстан)
 
Мелдештин байге ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды. 1-орунду ээлеген спортсмендерге 100 миң сом, 2-орунга — 80 миң сом, 3-орунга — 50 миң сомдон акчалай сыйлык берилди.
SEREP MEDIA