ДКО-2026: Көкпар боюнча экинчи күндүн жыйынтыгы
Бүгүн, 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкпар боюнча мелдештердин экинчи күнү өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Бул күнү жалпы үч оюн өтүп, төмөнкүдөй жыйынтыктар болду.
Кыргызстан:12 - Өзбекстан:4
Казакстан:14 — Орусия:1
Монголия:3 - Ооганстан:0
Оюндун жыйынтыгы боюнча Кыргызстан, Казакстан жана Монголия курамалары жеңишке жетишти.