SerepTV Logo

ДКО-2026: Көк бөрү боюнча мелдештердин алгачкы жыйынтыгы

ДКО-2026: Көк бөрү боюнча мелдештердин алгачкы жыйынтыгы
Кечээ, 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештер башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
 
Мелдештин алгачкы күнүндө жалпы үч оюн өткөрүлүп, төмөнкүдөй жыйынтыктар болду:
Орусия:9 — Өзбекстан:3
Кыргызстан:15 — АКШ:7
Тажикстан:22 — Венгрия:4

Оюндун жыйынтыгы боюнча Орусия, Кыргызстан жана Тажикстан курамалары жеңишке жетишти.
SEREP MEDIA