ДКО-2026: Көк бөрү боюнча бүгүнкү жыйынтыктар
Кечээ, 4-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештер уланууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Бүгүн жалпы эки оюн өткөрүлүп, төмөнкүдөй жыйынтыктар болду:
Орусия:5 - Кыргызстан:16
Өзбекстан:16 — АКШ:6
Ал эми үчүнчү оюнга Мажарстан мамлекетинин спортсмендери келбегенине байланыштуу, Казакстан менен болчу беттеш орун алган жок. Оюндун жыйынтыгы боюнча Кыргызстан, Өзбекстан курамалары жеңишке жетишти.