SerepTV Logo

ДКО-2026: Казак күрөш боюнча мелдештердин жыйынтыгы

 
Бүгүн, 4-сентябрда “Газпром” дене тарбия ден соолукту чыңдоо борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында казак күрөшү боюнча мелдештер өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Мелдешке дүйнөнүн 32 мамлекетинен келген жалпы 65 спортчу катышты.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери:
60 кг чейин:
1-орун – Ернур Сулейман (Казакстан)
2-орун - Гиоргий Инашвили (Грузия)
3-орун - Хуршидбек Чориев (Өзбекстан)
3-орун – Сердар Бабамурадов (Түркмөнстан)
82 кг чейин:
1-орун – Умид Есенов (Өзбекстан)
2-орун - Нурдаулет Бактыбайыл (Казакстан)
3-орун - Поуриа Шокри (Иран)
3-орун – Глеб Голов (Россия)
100 кг жогору:
1-орун - Орозбек Алмазбеков (Кыргызстан)
2-орун - Нурдаулет Жарылгапов (Казакстан)
3-орун - Бахридин Абдурайымов (Өзбекстан)
3-орун - Томаш Щепаняк (Польша)

Байге ээлерине төмөнкүдөй акчалай сыйлыктар ыйгарылды:
1-орун - 100 000сом
2-орун - 80 000сом
3-орун - 60 000сом
SEREP MEDIA