Денис Петрашов 30-июлда 200 метр брасс боюнча медаль үчүн мелдешет
Денис Петрашов 30-июлда Париждеги XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында 200 метр брасс стилинде сүзүү боюнча мелдешке катышат. Беттештер Бишкек убактысы боюнча 17:00дө башталат.
Анын биринчи атаандаштарынын тизмеси:
Эрик Перссон - Швеция
Каспар Корбо - Нидерланддар
Зак Стаблети-Кук - Австралия
Иппей Ватанебэ - Жапония
Джош Мэзени - АКШ
Мигель де Лара - Мексика
Кечээ, 27-июлда суучул жарышка" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sport-kabarlar/denis-petrashov-bygyn-parijdegi-olimpiadada-medal-ychyn-betteshin-bashtait/">жарышка чыгып, 23-орунду ээледи. Ал эркектер арасында 100 метрге брасс стилинде сүзүүгө чыгып, өзүнүн тобундагы сегиз суучулдун акыркысы болуп келди (1 мүнөт 0,42 секунд). Бул жыйынтык менен жарым финалга чыкпай калды.