Abank july
SerepTV Logo

Америкалык көк бөрүчүлөр VI ДКОго катышуу үчүн Кыргызстанга келди

Америкалык көк бөрүчүлөр VI ДКОго катышуу үчүн Кыргызстанга келди
 
25-августта Бишкекке көк бөрү боюнча мелдештерге катышуу үчүн АКШнын көк бөрү курамасы келди. Аларды Эл аралык көк бөрү ассоциациянын өкүлдөрү тосуп алды.

Команданын капитаны Ледд Фоувел баштаган курамада 9 оюнчу бар. Алар Көчмөндөр оюндарынын ачылуу аземи өтө турчу Бишкек-Аренага барышты. Курама бир күн Бишкекте болуп, 26-августа Чолпон-Атага аттанып, ал жерде окуу машыгуу өткөрөт.

АКШнын көк бөрү боюнча курамасы 2014-жылдан бери Көчмөндөр оюндарына катышат.
SEREP MEDIA