Исхак Масалиев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен БШКга кайрылды
Бүгүн, 6-ноябрда Масалиев Исхак Абсаматович Кыргыз Республикасынын президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.
Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 13-ноябрына чейин белгиленген.