Abank_nov
SerepTV Logo

Ош шаарындагы эң чоң мектеп бүгүн пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы эң чоң мектеп бүгүн пайдаланууга берилди
Бүгүн, 6-ноябрда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарында курулган 1200 орундуу Салижан Жигитов атындагы мектептин ачылышы болду.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылды. Жаңы мектептин жалпы аянты 13 610 чарчы метрди түзүп, төрт кабаттан турат. Окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар каралган. Анын ичинде предметтик окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, медициналык бөлмө, компьютердик класс, жыйындар залы жана заманбап жабдуулар менен камсыздалган спорт залы бар. Мектепте эки нөөмөт менен 2500дөй бала билим ала алат.

Мектептин курулушу ушул жылдын апрель айында башталып, башкы подрядчы катары “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы иш алып барды.
SEREP MEDIA