Abank_oct
SerepTV Logo

Атомдук электр станциясын куруу маселеси: Рысбеков элге туура түшүндүрүүдөн кийин иш башталарын билдирди

Атомдук электр станциясын куруу маселеси: Рысбеков элге туура түшүндүрүүдөн кийин иш башталарын билдирди
Бүгүн, 21-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин экономика тармактарын жана калктын 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча аткарып жаткан иштери талкууланууда. Аталган маселе боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков баштаган тиешелүү жетекчилер маалымат беришүүдө.

Талкуунун башында төрага Марлен Маматалиев энергетика тармагындагы көйгөйлөр тууралуу сөз кылып, өлкө башчысынын жетекчилиги астында жагдайды жөнгө салуу боюнча олуттуу аракеттер көрүлүп жатканына токтолду. Тагыраагы, Кара-Кечеде жылуулук электр станциясын куруу, жаңы ГЭСтерди салуу боюнча пландар жакынкы аралыкта ишке ашса, тармактагы таңкыстыгы жоюларын кошумчалады. Ал эми депутат Дастан Бекешев энергетика тармагындагы бирдиктүү күнү-түнү иштөөчү колл-борбордун ишин күчтөндүрүү талабын коюп, 20 мүнөттөн бери чалууга жооп бербей жатышканын мисал кылып көрсөттү.

Депутат Улан Примов келечекти эске алуу менен атомдук электр станциясын куруу иштерин азыртан башташ керектигин айтып, коңшу Казакстан менен Өзбекстан аталган багыттагы долбоорлорду башташканын жүйө келтирди. Өз кезегинде энергетика министри Алтынбек Рысбеков аталган маселе боюнча калкка туура түшүндүрүп, алардын макулдугу алынгандан кийин гана активдүү жумуштар башталарын, ошондой эле алгач кадр маселесин чечүү керектигин билдирди.

Депутат Махабат Мавлянова социалдык мекемелердин жылуулук системасын оңдоо үчүн каражаттар ноябрда бөлүнгөндүктөн, оңдоо-иштери кечигип каларын айтып, каржылоо маселесин тездетүү талабын койсо, депутат Гуля Кожокулова электр энергиясы үчүн дебитордук карыздардын көлөмүнө жана акылдуу эсептегичтердин техникалык абалына байланышкан көйгөйлөргө токтолду. Депутат Гүлнара Баатырова Кара-Кулжа районундагы Алайку айылындагы негизги энергетикалык инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрсө, депутат Уланбек Жаанбаев тармактагы импортко болгон көз карандылыкты азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу суроо узатты.

Депутат Талант Мамытов керектөөнүн көлөмү күн сайын өсүп жатканын жүйө келтирип, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо жаатындагы сунуштарын айтса, депутат Суйунбек Омурзаков калктын аярлуу катмарларына кандай жеңилдиктер каралганына кызыкты. Андан тышкары, депутат Талайбек Масабиров Бишкек ЖЭБинде даярдык иштери кандай жүргүзүлүп жатканын сурап, калкты көгүлтүр отун менен камсыздоо ишин күчтөндүрүүгө чакырды.
SEREP MEDIA