Threads'тин колдонуучусу бийликти күч менен басып алууга чакырууга шектелип кармалды
УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинде («Маалыматтык-коммуникациялык тармактарды пайдалануу менен бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында, 1980-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны А.А.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Тактап айтканда, аталган А.А.М. «Threads» социалдык тармагынын колдонуучусу катары мыйзамсыз мүнөздөгү, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктарды камтыган билдирүүлөрдү системалуу түрдө жайгаштырып жана таратып келгени, ошондой эле Кыргыз Республикасында коомдук тартиптин бузулушуна жана коомдук-саясий кырдаалдын туруксуздашына өбөлгө түзүшү мүмкүн болгон материалдарды тараткандыгы аныкталды. Тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында А.А.М. буга чейин аныкталган мыйзамсыз мазмундагы жарыялоолорду жайгаштырууга тиешеси бар экенин мойнуна алды.
Учурда кармалган жаран Кыргыз Республикасынын УКМКсынын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктарга, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык тармактарды пайдалануу менен тиешелүү материалдарды таратууга багытталган аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.