Abank july
SerepTV Logo

Threads'тин колдонуучусу бийликти күч колдонуу жолу менен басып алууга чакырууга шектелип кармалды

Threads'тин колдонуучусу бийликти күч колдонуу жолу менен басып алууга чакырууга шектелип кармалды

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинде («Маалыматтык-коммуникациялык тармактарды пайдалануу менен бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында, 1982-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Т.Д.Ш. кармалды.

Тактап айтканда, аталган Т.Д.Ш. «Threads» социалдык тармагынын колдонуучусу катары мыйзамга каршы мүнөздөгү, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктарды камтыган, ошондой эле коомдук тартиптин бузулушуна жана Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий кырдаалдын туруксуздашына өбөлгө түзө турган материалдарды системалуу түрдө жарыялап жана таратып келгени аныкталды. Тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө Т.Д.Ш. буга чейин аныкталган мыйзамга каршы мазмундагы жарыяларды жайгаштырууга тиешеси бар экенин мойнуна алды. Учурда кармалган жаран УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктарга багытталган аракеттер, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык тармактарды пайдалануу аркылуу тиешелүү материалдарды таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

SEREP MEDIA